766af15a-5bed-41bf-8411-0d34e01b3a65
0c3b73aa-f3a8-42e6-9dc3-0b1843ce7c67
previous arrow
next arrow

«Кыргызтест»

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын кызматкерлери 2023-жылдын декабрь айында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинен мамлекеттик тилди билүү деӊгээлин аныктоо үчүн тесттен ийгиликтүү өтүп келишти. Натыйжада кызматкерлерибиз С1 жана В2 деӊгээлдериндеги сертификаттарга ээ болушту. Аталган мекеменин иштери жогорку квалификацияда уюштурулуп жаткандыгына күбө болдук. Тест сынактарын объективдүү жана сапаттуу уюштуруп жаткан мекеменин жетекчиси Батма Болоталиевна Топоева-Ставинскаяга жана мекеменин кызматкерлерине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Биздин көз карашыбызда тесттер сапаттуу жана түшүнүктүү түзүлгөн, ар бир деңгээл боюнча тапшырмалар туура негизделген, кинолордон да үзүндүлөр көрсөтүлүп, айтылган фразалардын мааниси үчүн тапшырмалар берилген. Ушул сыяктуу түзүлгөн субтесттер тесттин түзүлүшүн жандандырып, кызыктуу жана көркөмдүү кылат экен. «Кыргызтест» мекемесинин мындан аркы иштерине да жааматыбыздын атынан чоң ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасына, кыргыз элине көптөгөн пайда алып келген иштерди жүргүзө берүүңүздөргө тилектешпиз. Ошону менен бирге төмөнкүдөй сунушубузду берүүнү туура көрдүк: тест тапшыруучуларга кабиналарга ичүүчү суу коюлса, анткени тест эки сааттан ашуун убакытта өтүп, тест тапшыруучу кабатыр болуу менен чаӊкап калат. Кабинкалар пластиктен жасалгандыктан аба жетпей, бир топ кыйынчылыктарды түздү. Андыктан, бул сунуштарды түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойбуз.

Объявления

о защите диссертаций за Май

RU