Юридика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын
изденип алуу үчүн диссертацияны коргоо жөнүндө кулактандыруу
2023 ж. 31 майында саат 10.00дө Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жана Кыргыз Республикасынын ИИМинин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясына караштуу юридика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын коргоо боюнча түзүлгөн Д 12.23.6668 диссертациялык кеңештин жыйынында Жаасынбек кызы Айнуранын “Кыргыз Республикасында жашы жете электер тарабынан пайда көздөө багытында жасалган кылмыштарды тергөөнүн методологиясы” аттуу 12.00.09 – жазык процесси, криминалистика, ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү адистиги боюнча юридика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертациянын коргоосу болот. Дареги: 720065, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Киев, көчөсү 132; конференц-зал (209-ауд.).
Илимий кеңешчи Токторов Эгемберди Самидинович
юридика илимдеринин доктору, доценн,
Ош мамлекеттик университетинин криминалистика жана сот экспертиза кафедрасынын башчысы
Расмий оппоненттер Бегалиев Ернар Нурланович
юридика илимдеринин доктору, профессор
Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Укук коргоо органдарынын Академиясынын Жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү институтунун атайын юридикалык дисциплиналар кафедрасынын профессору
Шимеева Жибек Шеровна
юридика илимдеринин кандидаты
Жетектөөчү мекеме
Казакстан Республикасынын ИИМинин М. Есбулатов атындагы Алматы академиясынын жазык процесси жана криминалистика кафедрасы (050059, Казакстан Республикасы, Алматы ш., Утепов к., 29)
Диссертациялык иш менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин А. Табалдиев атындагы (Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 394), Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (Жалал-Абад ш., Ленина көч., 47) жана Кыргыз Республикасынын ИИМинин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясынын (Бишкек ш., Ч. Валиханов көч., 1 «А») китепканаларынан, ошондой эле диссертациялык кеңештин https://vak.kg/diss_sovety/d-12-23-668/ сайтынан таанышууга болот.
Видеоконференцияга шилтеме:: https://vc.vak.kg/b/122-sts-08l-l3b
Диссертациялык кеңештин төрагайымы
юридика илимдеринин доктору, профессор
К.Ж. Сабырова