Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын кызматкерлери 2023-жылдын декабрь айында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинен мамлекеттик тилди билүү деӊгээлин аныктоо үчүн тесттен ийгиликтүү өтүп келишти. Натыйжада кызматкерлерибиз С1 жана В2 деӊгээлдериндеги сертификаттарга ээ болушту. Аталган мекеменин иштери жогорку квалификацияда уюштурулуп жаткандыгына күбө болдук. Тест сынактарын объективдүү жана сапаттуу уюштуруп жаткан мекеменин жетекчиси Батма Болоталиевна Топоева-Ставинскаяга жана мекеменин кызматкерлерине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Биздин көз карашыбызда тесттер сапаттуу жана түшүнүктүү түзүлгөн, ар бир деңгээл боюнча тапшырмалар туура негизделген, кинолордон да үзүндүлөр көрсөтүлүп, айтылган фразалардын мааниси үчүн тапшырмалар берилген. Ушул сыяктуу түзүлгөн субтесттер тесттин түзүлүшүн жандандырып, кызыктуу жана көркөмдүү кылат экен. «Кыргызтест» мекемесинин мындан аркы иштерине да жааматыбыздын атынан чоң ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасына, кыргыз элине көптөгөн пайда алып келген иштерди жүргүзө берүүңүздөргө тилектешпиз. Ошону менен бирге төмөнкүдөй сунушубузду берүүнү туура көрдүк: тест тапшыруучуларга кабиналарга ичүүчү суу коюлса, анткени тест эки сааттан ашуун убакытта өтүп, тест тапшыруучу кабатыр болуу менен чаӊкап калат. Кабинкалар пластиктен жасалгандыктан аба жетпей, бир топ кыйынчылыктарды түздү. Андыктан, бул сунуштарды түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойбуз.
Сизди 80 жаш кутман курагыңыз менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын жана өзүмдүн атымдан чын дилден куттуктаймын!
Мээнеткеч, чечкиндүү, иштин көзүн билген, сөздүн чыныгы маанисиндеги – жаратман инсан катары кесиптердин төрөсү аталган педагогдук ыйык кесипти, инсандык парасатты бийик кармап 60 жылга чукул мезгилден бери аздектеп аркалап келесиз. Бир мезгилде катардагы мектеп мугалими бүгүн ардактуу профессор, педагогика илимдеринин доктору жана аталган багыттагы окумуштуулардын лидери.
Илимдин 11 докторун жана 26 кандидатын даярдап, илимде улут сыймыктанаар улуу эмгектерди жаратуу менен элибиз үчүн ак кызмат өтөп, келечек муун үчүн өрнөктүү өмүр сүрүп келе жатасыз.
Эсенбек Мамбетакунович, Сиз мезгилдин деми менен менен тең арыштап, улам жаңы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди багындырып, чоң максаттарга умтулуп, ишке жөндөмдүүлүгүңүз менен тааныган да, тааныбаган да адамдарды таң калтырып, чарчап-чаалыкпастан эмгектенип, талапты көтөрүп келесиз. Сиздин энергияңыз, талантыңыз, иш билги сапатыңыз, татаал милдеттерди коюу жана чечүү жөндөмдүүлүгүңүз кесиптештериңизди, шакирттериңизди жана жакындарыңызды шыктандырып, аларда да Сиз сыяктуу өз күчүнө ишенүү сезимин пайда кылат.
Табият таануу, физика, астрономия, ошондой эле педагогиканын актуалдуу жана көйгөйлүү маселелери боюнча Сиз жүргүзгөн илимий изилдөөлөр Кыргыз Республикасында гана эмес, коңшулаш мамлекеттердин окумуштуулар чөйрөсүндө да кеңири колдонулуп жана бааланып жүрөт. Билим берүүнүн учурдагы абалы жана аны изилдөө багыттары боюнча да иштердин башында туруп, сапат жана жаңылануу үчүн өмүрүңүздү арнап, күйүп-бышып жүргөнүңүз улутубуздун патриот уулу экениңизди далилдеди.
Урматтуу Эсенбек Мамбетакунович, Сизге чыгаан окумуштуу, иш билги уюштуруучу, көсөм жетекчи, чыгармачыл инсан, мыкты уул, ардактуу ата катары кандай мактоо сөздөрүн айтса да жарашат. Андыктан, Сизге чын дилден бекем ден соолук каалайбыз, үй-бүлөңүз менен бакубат жана узак жашаңыз.
Элибиздин патриот уулу катары ак кызматыңызды дагы да кыла бериңиз!
Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу
Улуттук аттестациялык комиссиянын
төрагасы Б. К. Тыналиева
о защите диссертаций за Март