Эл аралык илимий-практикалык конференция
Бүгүн, 2026-жылдын 26-июнунда Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин базасында ИЖБИМге караштуу Жогорку аттестациялык комиссия Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуулары катышты.
Эл аралык илимий-практикалык конференциянын негизги максаты илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү орчундуу көйгөйлөрдү жана маселелерди талкуулап, аларды чечүү жолдорун табуу.
Конференциянын катышуучулары – мамлекеттик аттестациянын көйгөйлөрү өтө маанилүү экендигин баса белгилешти, анткени илим жалпы коомдун, экономиканын, бизнестин, өндүрүштүн жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүн аныктаган негиз болуп саналат.