Урматтуу мекендештер !

Бүгүнкү жаркын майрам өлкөбүздүн бардык муундарынын башын бириктирип, бабаларыбыздын жакшы салттарын улап келет. Ушул күнү биз санжыралуу тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып, жүрөгүбүздө терең сакталып келген ата-бабаларыбыздын эрдиктерине терең таазим этебиз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун каарман эмгекчилерине жана согушка катышкан баатырларга сый-урмат көрсөтөбүз. Өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган каармандарыбызды урматтайбыз.
Ушул куттуу күнү ар бир үй-бүлөгө жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак, береке жана бакубатчылык каалайбыз. Ардегерлерибизге чың ден соолук, узун өмүр тилейбиз, ал эми жоокерлерибиз менен офицерлерибизге ийгиликтүү кызмат өтөөсүн каалайбыз.
Эр жүрөк, тайманбас адамдардын майрамы болгон ушул күнү сиздерге ар дайым ачык асман жана кучак толо кубаныч каалайбыз!