Урматтуу кесиптештер жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү!

 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын атынан Илим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Илим — адам баласы үчүн жаңы перспективаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү ачкан дүйнөнүн негизи. Бүгүн биз илим тармагындагы жетишкендиктерди гана эмес, ар бир илимпоздун коомубуздун өнүгүшүнө кошкон салымын да белгилеп жатабыз.

Коомдун өнүгүшүндө интеллектуалдык потенциалды калыптандырууда жана мезгилдин чакырыктарын ийгиликтүү жеңүүдө илим маанилүү ролду ойнойт. Окумуштуулардын илимге кошкон эмгеги менен биз жаңы технологияларды өздөштүрүп, инновациялык ыкмаларды жана чечимдерди иштеп чыгып, алдыга умтулуп жатабыз.

Майрамыңыздар менен, урматтуу илимпоздор! Жашооңуздардын ар бир күнү кызыктуу ачылыштарга, илимий жетишкендиктерге жана чыгармачылыктын кубанычына толсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия.

 

 

 

RU