Урматтуу айымдар!

Сиздерди 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын атынан куттуктабыз! Азыркы учурда аялзаты турмушубуздун бардык чөйрөлөрүндө иштеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп, административдик жана илимий кызматтарда үзүрлүү эмгектенишет. Айым академиктер, профессорлор, илимдин докторлору жана кандидаттары, институттардын директорлору, лаборатория башчылары, илимий кызматкерлер, окутучуулар, инженерлер жана лаборанттар илимдин өнүгүүсүно зор салым кошуп келишет.

Урматтуу айымдар жаркыраган жаздын жылуу илеби менен кошо келген майрам күнү жүзүңөргө жылмаюу тартуулап турсун, жакындарыңардын арзуусу менен камкордугу ылайым курчап турсун! Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бейпилдик каалайбыз! 

RU