Нооруз майрамыныздар менен куттуктайбыз!

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын атынан Нооруз майрамы менен куттуктайбыз!
Нооруз — тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген. Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс салтыбызды дагы байытып, кийинки урпактарыбызга өткөрүп берели.
Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашып, элибизге ынтымак, мамлекетибизге молчулук жана береке тартууласын!