КЫРГЫЗПАТЕНТ


 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия (УАК) өзүнүн ишмердүүлүгүн коом үчүн жеткиликтүү, ачык-айкын болушун ишке ашыруу жана заманбап технологиялык талаптарга жооп берүү максатында «Электрондук УАК» автоматташтырылган маалыматтык системасы үчүн күбөлүк алды.

Бул күбөлүк Улуттук аттестациялык комиссиянын электрондук форматта документ жүгүртүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымын жана өз ишинде инновациялык жаңыртууларды активдүү колдонуп жаткандыгын билдирет.

«Электрондук УАК» АНС  «УАКтын электрондук системасы» мамлекеттик үлгүсүндөгү Кыргызпатенттин күбөлүгү бул КРП УАКтын 2018-жылдан баштап өз сайтын активдүү иштетип жаткандыгын күбөлөндүрөт.

Патенттин авторлору: КРП УАКтын төрагасы д.м.н., проф. Б.К. Тыналиева, т.и.д., проф. Б. И. Бийбосунов, КРП УАКтын башкы адиси Н. Ж. Жолочубеков. Сайттын укук ээси — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия. Күбөлүк Кыргыз Республикасынын ЭЭМ үчүн программаларынын реестринде 2024-жылдын 12-мартында катталды. КРП УАК расмий түрдө өзүнүн сайтын тастыктады.  Программаны жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча иштер улантылууда. Ошондой эле азыркы учурда КРП УАК Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин программаларын камтыган 5 долбоордун үстүндө иш алып барууда.

С 2018 года НАК ПКР активно разрабатиывает свой сайт и результатом этой деятельности стала получение государственного свидетельства на программу для ЭВМ “…..”. Авторами патента являются …………. При этом правообладателем патента указано учрежджение…. Патент был зарегитсрирован 12.03,.2024 в гос реестре программ для ЭВМ КР.

Таким образом, НАК ПКР официально засвителеьствовал свой эл сайт.

Однако работа над дальнейшим развитием и совершенствование программы продолжается. НАК ПКР не останавливыается на достигнутом и в настоящее время работает над 5 проектами, включенными в программу Минцифра.