Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия диссертациялык кеңештерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жана илимий-изилдөө мекемелеринин илимий-изилдөө ишмердүүлүктѳрүн аттестациядан өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аттестациялоо боюнча комиссиянын курамына ЖАКтын аппаратынын кызматкерлери, ЖАКтын президиумунун мүчөлөрү жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү иш жүргүздү.
Аттестациялоонун объектилери болуп жогорку окуу жайлардын жана илимий-изилдөө мекемелеринин илимий-кадрдык потенциалдары, илимий-изилдөө ишмердүүлүктѳрү, илимий эмгектеринин активдүүлүктѳрү, илимий-методикалык камсыздоолор жана жабдуулар, ошондой эле диссертациялык кеңештердин иштөөсү үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базалар эсептелет. Азыркы мезгилде тѳмѳндѳгү жогорку окуу жайлар жана илимий-изилдөө мекемелер илимий-изилдөө ишмердүүлүктѳрү боюнча аттестациядан өтүштү:
Жогорку окуу жайлар:
1. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
2. Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети;
3. Ала-Тоо Эл аралык университети;
4. И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
5. Ош мамлекеттик университети;
6. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Кыргызский государственный технический университет;
7. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
8. Кыргыз билим берүү академиясы;
9. Б. Садыков атындагы Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети;
10. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы;
11. Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
12. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
13. М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети.
Илимий-изилдөө мекемелери:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Адабият институту;
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Математика институту;
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору;
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Болот Юнусалиев атындагы Тил илими институту;
6. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ж. Женбаев атындагы Физика институту;
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Академик М. М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору.