Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия медицина илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Мамакеев Мамбет Мамакеевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана жалпы илимий коомчулукка терең кайгыруу менен көңүл айтат жана орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөт.
М. М. Мамакеев 1927-жылдын 1-октябрында Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында туулган. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо иши факультетин аяктап, дарыгер- хирург катары эмгек жолун баштаган. Медицина тармагында 70 жылдан ашык эмгектенип, 30 миңден ашык операция жасап, 100 миңге жакын бейтапка жардам көрсөткөн.
Кыргыз эли эзелтеден эмгекчил, акылман, эл үчүн ак эмгеги менен адал ишин аябаган инсандарды кадырлап келишкен. М. М. Мамакеев ушундай чыгаан инсандарыбыздын бири эле, кыргыздын даңазалуу, кѳрүнүктүү хирургу, Кыргыз Улуттук хирургия борборунун негиз салуучусу, коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры катары медициналык тажрыйбаны, уюштуруу-башкаруучулукту, илим изилдөөнү жана сапаттуу илимий адистерди даярдоону ийгиликтүү айкалыштыруу менен 40тан ашык медицина илимдеринин докторлорун жана кандидаттарын даярдаган.
1991-жылдан тартып азыркы мезгилге чейин хирургия адистиги боюнча диссертациялык кеңештин төрагасы жана мүчөсү болуп таалыкпай эмгектенип келген.
Мамбет Мамакеевич бүтүндөй бир кылым жашап, эл үчүн кылган эмгектеринин аркасында Кыргыз Республикасынын Баатыры деген ардактуу наамынын, I, II жана III даражадагы Манас ордендеринин, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, И. К. Ахунбаев атындагы академиялык сыйлыктын лауреты, Прага шаарындагы Карлов университетинин алтын медалынын, Оксфорд шаарынын Сократовдогу Эл аралык комитетинин «Дүйнѳлүк илимге кошкон салымы үчүн» (Великобритания) берилген алтын медалынын ээси, КМШ өлкөлөрүнүн «Шериктештик» орденинин кавалери сыйлыктарына ээ болгон.