«Кыргызстандын урматтуу айымдары, асылзат апалар жана ажарлуу эже-карындаштар»!

Сиздерди 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайбыз!
Март майрамы узак кыштын түнт күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, карды тээп чыккан гүлдөй көңүлүбүздү ачат, жашоого дем берет.
Жаз менен кошо кирип келген бул майрамды баарыбыз кубануу менен белгилейбиз.
Үй-бүлө очогунун сактоочулары болгон кымбаттуу апаларга бизге өмүр бергени үчүн терең таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрдү айтабыз.
«Аял жылмайса — аалам жылмаят» дегендей, сиздер жан дүйнө сулуулугуңуздар менен ааламды багындырып, ар дайым аруу тилектериңиздер менен жакшылыкка үндөп, албан-албан иштерге шык-дем берип келесиздер.
Сиздерге бекем ден-соолук, ийгилик жана жаркын маанай каалайбыз.
Майрамыңыздар кут болсун!