Көңүл айтуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги, профессор, физика-математика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын математика институтуна жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу физика-математика илимдери боюнча диссертациялык кеңештин мүчѳсү Алымкулов Келдибай Алымкулович 2022-жылдын 8-апрелинде мезгилсиз дүйнө салды.

Келдибай Алымкуловдун калтырып кеткен илимий мурасы, кесипкөйлүгү, талыкпаган эмгекчилдиги, адамга жасаган калыс жана адамкерчиликтүү мамилеси кыргыз элинин эсинде жана агайдын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтабыз.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын эмгек жамааты.