«Кыргыз Республикасынын жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларын аттестациялоо системасына 30 жыл» аттуу журналын чыгарды

1
2
3
4
5
9
11
12
13
previous arrow
next arrow

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо системасынын 30 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасынын жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларын аттестациялоо системасына 30 жыл» аттуу журналын чыгарды. Бул журналдын чыгарылышы илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү маанилүү басылма катары аттестациялоо системасынын тарыхы, учурдагы абалы жана жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды чагылдырат.
1992-жылы Жогорку аттестациялык комиссия түптөлгөн, бул жылдар аралыгында өз ишин алгылыктуу жүргүзүп, мезгилдин талабына ылайык иш-аракеттерин аткарууда. Журналда Улуттук аттестациялык комиссиянын алгачкы кадамдарынан жана калыптанышынан тартып заманбап инновацияларга жана жаңы технологияларды аттестациялоо процессине киргизүү иштери туралуу КРП УАКтын төрагасы Б. К. Тыналиеванын баяндамасында толук берилет.
Журнал 30 жылдык тарыхты гана чагылдырбастан, мамлекетибиздеги илим багытынын потенциалын өнүктүрүүгө арналган демилгелерди да баяндайт.

KG