2026-жылдын 18-июнунда М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин башкы корпусунда жыл сайын өткѳрүлүүчү кезектеги «Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн (докторанттардын жана аспиранттардын) VII мектебинин» салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.Бул масштабдуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия (ЖАК) тарабынан М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети менен биргеликте уюштурулган.
Биринчи күн мүмкүн болушунча максималдуу түрдѳ өткөрүлдү:
✍Чынара Азимбековна Базаралиева — ЖАКтын башкы окумуштуу катчысы, б.и.к., ЖАКтын учурдагы нускамаларынын талаптары жана критерийлери боюнча баяндама кылды.
✍Айдай Жыргалбековна Токтомбаева — ЖАКтын илимий кадрларды аттестациялоо бөлүмүнүн башчысы, ю.и.к., доц., окумуштуулук даражаларды ыйгаруунун тартиби, ошондой эле диссертациялык кенештин иши жѳнүндѳ кеңири түшүндүрмө берди.
✍Нурланбек Токтогулович Танаков — ОшТУнун проректору, а.ч.и.д., доц., темаларды тандоо жана илимий жаңылыктарды түзүү боюнча мастер-класс өткөрдү.
✍Ниязбек Нурланбекович Маматов — И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын илимий жана дарылоо иштери боюнча проректору, м.и.к., доц., медициналык окуу жайлардын мисалында жогорку билим берүү системасында илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун өзгөчөлүктөрү жана карама-каршылыктары боюнча баяндама кылды.
✍Степан Евгеньевич Меценатов — «Антиплагиат» компаниясынын расмий өкүлү жана менеджери, жасалма интеллекти колдонуу жана диссертациялык иштердин оригиналдуулугун сактоо боюнча айтып берди.
✍Надира Калчакеевна Дегембаева — И. Раззаков атындагы КМТУнун Илим жана квалификацияны жогорулатуу департаментинин башкы адиси, т.и.к., доц., Scopus системасынын журналдарына макалаларды жазуунун жана кантип берүүнүн практикалык аспектилерине терең талдоо жүргүздү. Катышуучулар эл аралык рецензиядан ийгиликтүү өтүүнүн көрсөтмөлөрү жѳнүндѳ маалымат алышты.
✍ Жекшенбаев Дастан Камчыбекович — ЖАКтын документтер менен камсыздоо секторунун жетектөөчү адиси — «Жактын сайтындагы диссертациялык кеңештин баракчасындагы окумуштуулук даражаларды изденүүчүлѳрдүн жеке кабинетин ачуу жана толтуруу жөнүндө»
Кыргызстандагы илим – бул диссертациялар гана эмес, бул жандуу коомчулук жана заманбап инструменттер!
Биздин баракчадан үзгүлтүксүз кабардар болуп туруңуздар, алдыда сиздерди дагы көптѳгѳн кызыктуу маалыматтар күтѳт!
VII мектебинин финалдык аккорду!
Жаш илимпоздорду колдоо – бул өлкөнүн ири жогорку окуу жайларынын жана илимий-изилдѳѳ мекемелеринин жетекчилерин бириктирген артыкчылык. Аспиранттардын мектебинин экинчи күнүндө илимий даражаларды изденүүчүлөрдүн окуусу улантылып, жыйынытыктоочу сурамжылоо өткөрүлдү.
Ректордук корпустун мотивациялык колдоосу: ОшТУнун ректору, т.и.к., доц. Турсунбаев Жанболот Жанышович катышуучулардын алдына чыгып сүйлөдү.
Жетекчилер: заманбап окумуштуу – мобилдүү, санариптик жана дисциплиналар аралык изилдөөлөргө даяр болушу керектигин баса белгилешти.
Кульминация: Аспиранттардын мектебинин катышуучуларына окуунун жыйынтыгы боюнча сертификаттар тапшырылды. Бул жөн гана сертификат эмес, жаш окумуштуулардын илимий карьеранын жаңы этабына даяр экендигинини далили.
ИЖБИМге караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы ю.и.д., проф., КРП УИАнын корр.-мүчөсү Б. И. Борубашов Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлѳрдүн VII мектебинин салтанаттуу аземинин жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөдү.
Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлѳрдүн VII мектебинин бардык катышуучуларын куттуктайбыз! Диссертантардын илимий иштеринин ийгиликтүү коргоолоруна ак жол каалайбыз!
М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетине жана бардык катышуучулардын кызыгуусу, кесипкөйлүгү үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз!