2024-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын жылдык отчеттук жыйыны өткөрүлдү

 

        Жыйынга КРП УАКтын президиумунун, эксперттик жана диссертациялык кеңештеринин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси Букуев Медетбек Омошевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты филол.и.к., доцент Талиева Камила Абдыразаковна, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов Эдиль Жолдубаевич, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, г.-м.и.д., проф., УИАнын корр.-мүчөсү Абдрахматов Канатбек Ермекович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Керимбаева Рахат Топчубаевна жана Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Муканбетов Санжар Турдукожоевичтер катышышты.

         Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы Тыналиева Бакыт Карыбековнанын «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын 2024-жылга карата пландары жөнүндө» баяндамасы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары – башкы окумуштуу катчы, э.и.д., проф. Асизбаев Рустам Эмилжановичтин «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын 2023-жылдагы ишмердиги жөнүндө» отчеттук баяндамасы угулду.

         Отчеттук жыйынга «Антиплагиат» Жабык акционердик коомунун аткаруучу директору Чехович Юрий Викторович атайын келип, ««Жасалма интеллектте генерацияланган текстти табуу. Илимий иштердеги жасалма тексттердин тууралыгын баалоо практикасы. «Антиплагиат» компаниясынын тажрыйбасы» аттуу баяндамасын жасады.

         Ошондой эле, 2023-жылда мыкты илимий иштердин катарын толуктаган  т.и.д., доцент Табалдыев Кубатбек Шакиевич, т.и.д., доц. Абдиев Арстанбек Раимбекович, б.и.д. Усупбаев Адилет Кыдыкбекович изилдөө иштери туралуу баяндама жасашып, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

KG