Кыргыз Республикасында тил боюнча деңгээлдештирилген тест системасын өркүндөтүү» аталышындагы эл аралык конференция өттү

2023-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин 5 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасында тил боюнча деңгээлдештирилген тест системасын өркүндөтүү» аталышындагы эл аралык конференция өттү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн саясатты иштеп чыгуу, мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнөн Кыял Байышевна Жанузакова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Раимбачаева Винера Калыбековна, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрайымы Тыналиева Бакыт Карыбековна, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, Россиянын Эл аралык билим берүү борборунун директору жана ТРКИ системасынын түптөөчүлөрүнүн бири Степаненко Вера Александровна, коомдук ишмер Айтматова Роза Төрөкуловна да катышты.

KG