2025-жылдын 17 жана 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан диссертациялык кеңештердин окумуштуу катчылары, жогорку окуу жайлардын жана илимий-изилдөө мекемелердин окумуштуу катчылары үчүн семинар өткөрдүлдү.
Салтанаттуу саламдашуу сөзү менен Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор Борубашов Бекбосун Ишенбекович семинарды ачып берди.
Семинардын максаты жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы жаңы талаптар жана критерийлер менен катышуучуларды тааныштыруу жана колдонуу боюнча маалымат беруу болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы “Мамлекеттик башкаруунун илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү натыйжалуулугун арттыруу боюнча” ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык, жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө реформа жүргүзүлдү. Бул реформа аттестациялоо процедураларын жөнөкөйлөтүүгө жана изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган. Аттестациялык системаны реформалоонун негизги максаты - илимдин бюрократиялык ашыкча жүктөмдөрүнөн жана иштин созуктурулушуна байланыштуу тоскоолдуктардан арылтуу. Негизги өзгөртүүлөр аттестация процессин жеңилдетүүгө багытталган, ошол эле учурда илимий даражаларга жана илимий наамдарга талапкерлердин сапаттык көрсөткүчтөрүн сактап калууга көңүл бурулду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын маселелери жөнүндө” № 637 токтому менен бекитилген Жогорку аттестациялык комиссиянын жоболоруна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди: баллдык системаны жана кандидаттык минимумдарды жоюу, аттестациялоо процедураларынын мөөнөттөрүн кыскартуу/жоюу, диссертациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн санын азайтуу, илимий адистиктердин номенклатурасынын тизмесин оптималдаштыруу, чет өлкөлөрдө алынган дипломдорду жана аттестаттарды автоматтык түрдө нострификациялоо.