Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы мамлекеттик сыйлык менен сыйланаган окумуштууларды куттуктайт!

– Эл аралык жогорку медициналык мектебинин жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Кутманова Айнура Зарылбековнаны “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” ардак наамы;

– Академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун интенсивдик терапия блогу менен пульмонология жана аллергология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Сооронбаев Талантбек Маратбековичти “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” ардак наамы;

– И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын анестезиология жана реанимация кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Чынгышова Жамиля Амановнаны “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” ардак наамы;

– Бишкек шаарынын № 1 клиникалык ооруканасынын № 1 хирургия  бөлүмүнүн хирург-врач, медицина илимдеринин кандидаты Алиев Мусабай Жумашович Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктайт!

Урматуу сыйлык ээлери, Сиздердин эбегейсиз мээнетиӊиздер бааланып, республикабыздын тиешелүү тармактарындагы социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон салымыӊыздар, үзүрлүү эмгегиӊиздер жана каармандыгыӊыздар үчүн мамлекетибиздин жогорку сыйлыктары менен сыйландыӊыздар.

Сыйлыгыӊыздар кут болуп, үй-бүлөӊүздөр менен бекем ден соолукта, бакубат өмүр сүрүӊүздөр! Ишиӊиздерди ийгиликтер коштоп, өлкөбүздө өнүгүү, журтубузда бейпилдик жана ынтымак сүрө берсин!

Терең урматтоо менен
КР ЖАКынын төрайымы                                                    Тыналиева Б.К.